Мамлекеттик ипотека: Батир үчүн кезекти ким көзөмөлдөйт?
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттик ипотекалык батирлердин кезекке тургандар боюнча нааразычылык жаралганын билдирди. Эл өкүлүнө отуздай киши кайрылып, жакында Бишкекте берилген батирлерди алгандар арасында арткы кезекте турган жарандар да бар экенин айтышкан. Президенттин иш башкармалыгы жана Мамлекеттик ипотекалык компания депутаттын айткандарын четке кагып, айрым тургундарга кезекке турууда социалдык абалына жараша артыкчылык берилгенин түшүндүрдү.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 13, 2025"Тонналаган товар Орусияга кирбей турат". Чек арадагы чектөө
-
Ноябрь 07, 2025Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
Шерине