Ысык-Көл облусундагы Корумду-Балбай автожолун оңдоого 128 миллион доллар сарпталат. Анын 35% грант, калганын 2,5 үстөк пайыз менен 23 жылга насыя катары эл аралык үч уюм берет.
Бул насыялык макулдашууларды бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети ратификациядан өткөрдү.
Маалыматка ылайык, Корумду – Балбай кара жолунун узундугу 81 чакырым. Ал төрт тилкелүү экинчи категориядагы жол болот.
2015-жылы өкмөт бюджеттен акча бөлүп, 104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду автожолун оңдой баштаган. Учурда анын 23 чакырымы бүтө элек. Жолго 3,8 млрд. сом корогон. Мындан тышкары жол курган кытайлык компанияга кыргыз өкмөтүнүн 75 миллион сом карызы бар. (MiK)