Жаңы кодекстердеги өзгөрүүлөр жана кемчиликтер
Кыргызстанда 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин айланасындагы талкуу токтой элек. Беш кодекс жана эки мыйзам боюнча бир катар сын айтылып, алардын айрымдарын өкмөт менен парламент өзгөртүү боюнча сунуш киргизе баштады. Жаңыдан киргизилген мыйзамдар өлкөдө укуктук башаламандыкка жараткан жокпу жана учурдагы кырдаалдан кантип чыгууга болот? Бул суроолорго “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев, Башкы прокуратуранын ага прокурору Сирожжиддин Камоллидинов жана Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?