“Дүйнө сулуусу – 2011” сынагына биринчилерден болуп Назира Нуржанова, андан кийин Жибек Нукеева, акыркы жолу Айкөл Аликжанова катышып келген. Ал эми 2012-жылы Диана Овганова сынакка аттанаарда катышуучулардын тизмесинде жок экени билинген. Катышып келген үч сулуу тең убагында каражаттын жоктугунан бир нече жолу маалымат жыйынын өткөрүп, демөөрчү издеп бир топ убара тартышкан.
“Кыргызстан сулуусу, ажары, мисс бикини, мистер, миссис” сымал толгон-токой сулуулар сынактарынан баш айланат. Сулуулук сынактарынын ортосунда буга дейре да бир нече жолу чуу жаралып, анда дээрлик уюштуруучулардын бардыгы бири-бирин каттоо, лицензиясы жок иш алып барат деп сынга алышкан.
Кайсы сынактын жеңүүчүсү чыныгы “Кыргызстандын сулуусу” аталып, өлкөнүн атынан эл аралык сынактарга катыша алат деген суроо да коомчулукту кызыктырып келет.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan