Ал эми Каржы полициясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Зулкайнар Сарытаев Кадырбековго байланыштуу иш боюнча тергөө амалдары мыйзамдын чегинде жүрүп жатканын, буга байланыштуу толук маалыматты жакында коомчулукка жарыялаша тургандыктарын билдирди.
Кадырбековду коргоо комитетинин Нарындан келген төрт мүчөсү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кадырбековду камактан бошотуу талабын коюшту. Аталган комитеттин мүчөсү Токторбай Жетибаев буга чейин Кадырбековго байланыштуу маселе боюнча президентке чейин кайрылышканын кошумчалады.
- Биз Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну талап кылабыз. Бул боюнча президентке, Башкы прокуратурага кайрылдык. Бирок али күнчө бизге жооп берише элек.
Кадырбековдун тарапкерлеринин талаптары аткарылбаса Нарын шаарынын айрым тургундары ар кандай саясий акцияларды баштоого даяр экендигин Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманбаева билдирди.
Анын айтымында, Нарын аймагында Ишенбай Кадырбековдун укугун коргоо боюнча эки миңден ашуун адам кол топтогон.
Кыргызстан коммунисттери партиясынын парламенттеги депутаты Гүлжамал Султаналиева болсо коммунисттер фракциясы Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылуу жолдошконун, бирок сот парламент депутаттарынын кайрылуусуна көңүл бурбаганын белгиледи.